Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиясынын бирдиктүү тарифин киргизүүнү сунуштады

Энергетика министрлиги калк үчүн электр энергиясынын бирдиктүү тарифин киргизүүнү сунуштайт – 1 киловатт-саатка 1 сом 9 тыйын.

 

Бул тууралуу ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, муну менен электр энергиясына баалар 32 тыйынга же дээрлик 42 пайызга кымбаттайт.

 

Анын ортосунда калктын басымдуу бөлүгүнө кышкысын 1 миң киловатт-саатка чейинки чектөө орнотулат.

 

Ал эми бийик тоолуу аймакта жашагандарга чектөө киргизилбейт. Министр белгилегендей, коммерциялык жана башка объекилердин тарифи – 5 сом 4 тыйынга кымбаттайт. Учурдагы тариф – 2 сом 24 тыйын.