“Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң көп кирешелүү футболчу аталды

“Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдөгү эң көп кирешелүү футболчу аталды.

 

Форбс басылмасынын версиясы боюнча,  2021-22-жылдын сезонунда португалиялык форвард 106 миллион 600 миң евро тапты.

 

Бул салыктарды эске алганда. Муну менен ал башкы атаандашы Лионель Мессини артта калтырды. Учурда “ПСЖнын” чабуулчусу 93,8 миллион евро кирешеси менен экинчи позицияда. Дүйнөнүн эң бай футболчуларынын үчилтигин Неймар бекитет. Ал 81 миллион евро тапты.