Таласта масштабдуу түрдө дезинфекциялоо иштери башталды.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей,
жугуштуу оорулардын, коронавирус инфекциясын алдын алуу
максатында тазалоо иштери жүрүп жатат. Мамлекеттик
санитардык-эпидемиологиялык борбору шаар ичиндеги
коомдук унааларды дезинфекциялык тазалоодон өткөрдү.
Бүгүнкү күнгө карата 70 маршруттук такси жана автобустарда
иштер аткарылды. Эртең жергиликтүү базар жана мечиттер
санитардык тазалоодон өткөрүлөт.