Кыргызстанда кайталанып коронавирус жуккан учур каттала элек.
Эпидемиологиялык изилдөө иштери уланып жатат, — деди
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, COVID-19 илдети аныкталгандар менен 2 миң 753 адам байланышта болгон.
Учурда обсервацияда бир миңден ашык адам жатат. Белгилеп кетсек,
Республикада коронавируска чалдыккандар 695 адамды түзсө, 395и айыгып чыкты.