Ысык-Көлдө экологиялык таза шаар курулат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Авторлордун концепциясы боюнча 4 миң гектарды ээлеген, Асман аталышындагы шаар өлкөнүн экономикалык жана туристтик борбору болот.
Анда алдыңкы билим берүү системасы, ден-соолукту чыңдоочу комплекстер, стадиондор, бизнес-борборлор курулат. Долбоор 7-10 жылдын аралыгында ишке ашырылат деп күтүлүүдө.