Ош шаарында калктын бир катар социалдык катмарына рентген кызматы акысыз жүргүзүлөт.
Түштүк калаадагы медициналык борбордон билдиришкендей, ооруканалардын кызыл зоналарында
иштеген медицина кызматкерлери, ыктыярчылар үчүн рентгенографиялык изилдөө 2 ай бою акысыз жүргүзүлөт.
Ошондой эле ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн, Баатыр энелерге жана
кароого муктаж жаш балдарга аталган медициналык изилдөө иштери бекер аткарылат.