Санкт-Петербург шаарынан 156 адам чартердик каттам менен учуп келди.
Бул тууралуу республикалык штаб билдирет. Алардын баары учуу тилкесинен эле
текшерүүдөн өткөрүлүп, COVID-19 вирусуна ПЦР анализ тапшырышты.
Андан кийин обсервацияга жиберилди. Белгилеп кетсек, пандемия
жайылгандан бери өлкөгө 8 миңге жакын мекендеш жеткирилди.