Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү

Улуттук банктын  алтын-валюталык резерви 2 миллиард 417 миллион долларды түздү. Бул акыркы беш жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

 

Анын  айтымында, акыркы жылы өлкөдөгү банк системасынын активдери 25 миллиард сомго же 11 пайызга көбөйгөн. Коммерциялык банк аркылуу бюджеттик кызматкерлерге 1 миллиард  54 миллион сомго турак жай алуу үчүн насыя берилди, — деди Абдыгулов.