Ош облусунун Кара-Кулжа районунда кар көчкү түштү.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун
75-85-чакырымдарына көлөмү 6 миң куб метр кар массасы түштү.
Жабыркагандар жок. Учурда аталган трасса убактылуу кыймылга жабылды.
Аталган тилкеде атайын техника жана жолчулар карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.