Бишкектин «Дордой» клубу футбол боюнча Кыргызстандын премьер-лигасынын
2021-жылдагы чемпиону болду. Башкы машыктыруучу Александр Крестининдин
шакирттери Кочкор-Ата шаарынын «Нефтчи» командасы менен кез келип,
3:1 эсебинде утуп алышты. «Дордой» муну менен мөөнөтүнөн мурда чемпион болду.
Бул жеңиш «Дордой» үчүн төртүнчү ирет удаасы менен,
ал эми тарыхта 13-жолу чемпион болуп жатат.