Бишкектеги №47 колониянын ордунда курулуп жаткан “Мурас” турак жай комплексинин биринчи этабы ушул жылдын аягында жыйынтыкталат. Бул тууралуу Novosti.kgге Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алгач 5-6 кабаттан турган 1 миңге жакын батирдин курулушу бүтөт.
Жалпысынан курулуш жүрүп жаткан жерде көп кабаттуу 39 үй курулат жана алар мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жарандарга жеңилдетилген шартта берилет.