Вакцинациянын биринчи этабы Бишкекте, Ошто жана Чүй облусунда башталат. Саламаттыкты сактоо министрлиги Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда бир катар эмдөө түйүндөрүн ачууну пландап жатат.
Учурда медицина кызматкерлери вакцинация боюнча атайын окуудан өтүүдө. Адистер калкты эмдөө процессин көзөмөлдөп, түйүндөрдү өлкө аймагында ачуу ниетинде.