Токтогул токой чарбачылыгында балды иштетүү жана таңгактоо боюнча цех ачылды

Токтогул токой чарбачылыгында балды иштетүү жана таңгактоо боюнча цех ачылды. Ишкананын кубаттуулугу суткасына 200 литрди түзөт. Токой кызматынын маалыматына ылайык, цех ички жана тышкы рынокту тоо балы менен камсыздай алат.

 

Ишкананын курулушуна Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонд каражат бөлүп берген.