Кыргызстандын жарандыгы 1790 адамга берилди

Президент Садыр Жапаров 23-сентябрда Кыргызстандын жарандыгын берүү жана жарандыктан чыгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду. Ага ылайык, 1790 адамга (1433ү чоңдор, 357си балдар) жарандык берилди. Президенттин басма сөз кызматы алардын басымдуу бөлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар экенин билдирди.

Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, 25 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Алардын 20сы чоңдор, бешөө балдар.

Садыр Жапаров былтыр июль айында этникалык кыргыздарга жана жарандыгы жок кыргыз тектүү адамдарга жарандык берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн убактылуу жобосу тууралуу буйрукка кол койгон. Анда документ топтоп, толтурууда түйшүк жана талап азайган, мындай норма ушул жылдын аягына чейин иштейт.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын аймагында өзүнүн тек-жайын тастыктаган документтери жок беш миңден ашуун этникалык кыргыз бар экенин билдирген.

Быйыл январь айында Кыргызстандын жарандыгы 2253 адамга берилсе, алардын басымдуу бөлүгүн этникалык кыргыздар түзөт.