Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке берилет

Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи кийинки жылдын аягында ишке берилет.

Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди.

Маалыматка ылайык, мунун себеби курулушка тоскоол болгон табигый жагдайлар менен байланыштуу.

Эске салсак, буга чейин аталган гидроэлектрстанциянын биринчи агрегаты ушул жылдын декабрында ишке берилери жарыяланган.

Мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев курулушка австриялык компания 2 миллион евродон ашык каражат которгонун билдирген.

Анын жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзүп, болжол менен жылына 92 миллион кВт саат электр энергиясын иштеп чыкмак.