Мектеп директорлорун сынактык тандоо Баткен облусунан башталат

Мектеп директорлорун сынактык тандоо Баткен облусунан башталат.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандоо 11-12-август күндөрү Баткен мамлекеттик университетинде өтөт.

Учурда облуста 98 бош орун бар.

Андан кийин конкурстар республиканын бардык аймактарында уюштурулат.

Эске салсак, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылында 966 мектепте директорлор алмашышы керек, анткени алар беш жылдан ашык иштеген.

Бирок алар жаңы жетекчилер дайындалганга чейин өз милдеттерин аткара беришет.