Транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү жокко чыгарылды

Кыргызстанда транспорт каражатына салык боюнча маалыматтык эсепти берүү жокко чыгарылды.

 

Мамлекеттик салык кызматы эскерткендей, эми салык органдары транспорттун мамлекеттик каттоосунун маалыматтарына ылайык салыктын суммасын өз алдынча эсептешет. Ошол эле учурда, ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же баланстык наркы жок транспорт каражатынын ээлери салык мыйзамдарына ылайык маалыматтык эсепти беришет.