Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баа кескин көтөрүлбөйт.
Бул тууралуу Монополдукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин
жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди. Анын айтымында, кымбаттоо этабы менен жүрөт.
Тагыраагы, 50 тыйын, 1 сом же 1 сом 50 тыйындан. Тайлаков кошумчалагандай,
Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материаодын 90 пайызы Россиядан алынып келинет.
Учурда АИ-92 бензининин эң кымбаты Ошто — литри 51 сомго барабар болсо,
эң арзаны Бишкекте – 49-50 сомдон сатылууда.