Чек ара жаңжалында жабыркаган Баткендин тургундарына дээрлик 19 миллион сомго насыялары жоюлду. Андан тышкары, 20 миллион сомго барабар 64 кредит боюнча жеңилдиктер берилди.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, жалпысынан каржы-кредиттик уюмдарга 370 адам кайрылып, арыз таштаган. Мекемелер арыздарды кабыл алууну улантууда, ар бири каралып, банк мыйзамдуулугунун алкагында тиешелүү чаралар кабыл алынат.