Екатеринбургдан 157 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келди

Екатеринбургдан 157 кыргызстандык чартердик каттам менен учуп келди.

Коопсуздук чаралары үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратына киргизилбестен,

учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Ушул эле учак Бишкектен

Екатеринбургга Россиянын жарандарын алып кетет. Кошумчаласак, 22-апрелде

Новосибирскиден чартердик каттам менен 176 биздин мекендештер алынып келинген.