Тунисте британиялык спортчунун экстремалдуу марафону жыйынтыкталды

Тунисте британиялык спортчунун экстремалдуу марафону жыйынтыкталды.

 

Расса Кука Африка аймагын толугу менен чуркап өтүү максатын койгон.  16 мамлекетти чуркап өтүү үчүн ага 352 күн талап кылынды.

 

Каттам өткөн жылдын апрель айында Африканын түштүк чекити болгон Лагулас кыштагында башталып, континенттин батыш жээги менен өткөн. Жалпысынан атлет 16 миң чакырым чуркады. Муну менен Раса Кука Африканын бүт аймагын чуркап өткөн биринчи спортчу болуп калды.