Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү

Тышкы иштер министрлиги Россиядагы кыргызстандыктар кандай учурда мобилизацияланышы мүмкүн экендигин түшүндүрдү. Тышкы саясат ведомствосунан билдиришкендей, Россия аймагында убактылуу иштөөгө уруксат кагазы менен жүргөндөр жана студенттер Куралдуу күчтөргө чакырылбайт.

 

Ал эми буга чейин кош жарандуулукту алгандар же Россия паспортуна ээ болгондор мобилизацияланышы толук мүмкүн, — дешти министрликтен.

 

Эске салсак, 21-сентябрда президент Владимир Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жарлыгына кол койду.