УЕФА Чемпиондор лигасынын финалына билеттерди сатып баштады

УЕФА Чемпиондор лигасынын финалына билеттерди сатып баштады. Чечүүчү оюн Стамбулдун Ататүрк стадионунда 10-июнда өтөт. Уюумдун маалыматына ылайык, 72 миң билеттин 47 миң 200 даанасы катышуучу командалардын  күйөрмандарына тиешелүү болот.

 

Футбол сүйүүчүлөр үчүн финалга билеттер 4 категория менен сатылат. Баасы 70 евродон башталып, 700 еврого чейин жетет.