Кыргызстанда учурда үч ири жана дээрлик 20га жакын чакан ГЭСтин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Курулуп жаткан ири ГЭСтердин катарына Камбар-Ата-1, Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Куланак ГЭСи кирет. Маалыматка ылайык, 2024-жылы 11 чакан гидроэлектрстанция ишке кирет.
Президенттин администрациясынан кошумчалашкандай, энергетика тармагындагы жабдуулардын 70-80 пайызы эскирген.