УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын чек ара заставаларын басып алды деген маалыматты четке какты

УКМК алдындагы Чек ара кызматы тажик тарап Кыргызстандын чек ара заставаларын басып алды деген маалыматты четке какты. Мындай маалыматтар буга чейин интернетте тараган. Ведомстводон белгилешкендей, чек арачылар заставаларды тажик тарапка берген жок, коргоп калышты.

 

Тажикстандын жарандары объектилерди аткылаганы чын, — дешти Чек ара кызматынан.

 

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде Көк-Таш айылындагы “Головной” суу бөлүштүрүүчү түйүндүн аймагында чыкты. Алгач эки тарап бирин бири  таш баранга алып, кийин курал колдонулган.