Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү 1-апрелде ачылат

Кыргыз-казак чек арасындагы “Каркыра” көзөмөл-өткөрүү түйүнү 1-апрелде ачылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан бекеттен адамдар, транспорт, жүк, товарлар жана жаныбарлар өткөрүлө баштайт. Өткөрүү түйүнү өткөн жылдын 1-декабрында жабылган.