Өкмөт кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярдык көрүүдө

Өкмөт кыргыз-кытай чек арасы аркылуу жүк ташууну жандандырууга даярдык көрүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди. Анын айтымында, бул суроо боюнча Кытайга нота жөнөтүлдү.

 

Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарга “Торугарт” жана “Иркештам” өткөрмө жайларында жүк ташууну баштоо боюнча Кытай тарап менен даярдык иштерин жүргүзүүгө тапшырма берилди. Белгилеп кетсек, Кытай Кыргызстан үчүн эң ири импортер болуп эсептелет.