Нарында карыяны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар кармалды

Карыяны автоунаага салып алып “талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз” деп коркутуп, видеого тарткан адамдар кармалды.

 

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя Нарын облусунун Кочкор районунда болгон. Бул факты Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

Социалдык тармактарда аксакалды автоунаанын арткы орундугуна салып алып коркуткан видео тарады. Анда эки киши “карыяны Балыкчыга же Нарынга алып барып таштап салалы” деп сүйлөшүп, “же өлтүрүп көөмп салалыбы?” деп коркутушкан. Карыя ыйлап жатканын көрүүгө болот.

Бул окуя Интернетте сынга кабылып, социалдык тармактын колдонуучулары күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатат.