Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев кармалды. Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, ал системалык түрдө ведомствонун аймактык бөлүмдөрүнөн акча алып жүргөн деп шектелүүдө.
Ирсалиев УКМКнын убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Тергөө жүрүүдө.