Кыргызстанда жашоо минимуму 5 миң 840 сомду түздү.
Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу сумма 13 пайызга өстү, — дешти
Улуттук статистика комитетинен. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында көрсөткүчтүн
эң жогорку көлөмү Ош облусунда, Бишкек, Ош шаарларында байкалды – 6 миң сомго жакын.
Белгилеп кетсек, жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү
азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч.