Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде калтырды

Кыргызстандын Улуттук банкынын эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап туруу чечими 25-апрелде күчүнө кирди. Бул тууралуу мекеменин коммуникация жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Ильичбек Султанкулов 25-апрелде Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

 

Анын айтымында, инфляциянын көрсөткүчү өткөн жылдын декабрында 14,7%, 14-апрелде 10,5% болгон. Керектөө баасы жыл башынан бери 3,2% өскөн. Ошондой эле ал «инфляция басаңдап жатканын» кошумчалады.

 

Улуттук банк кийинки эсептик ченди май айынын соңунда карай турганын, ага чейин тобокелдиктер жаралса, ошого жараша чечим кабыл алынарын билдирди.

Эсептик чен инфляцияны ооздуктоочу негизги каржылык каражаттардын бири. Ал жогоруласа, инфляциялык процесстер акырындайт, бирок экономиканын өнүгүү темпи төмөндөйт.