Британиялык Сэм Хаммонд Лондон марафонун 26 килограммдык муздаткычты көтөрүп алып чуркап өттү

Британиялык Сэм Хаммонд Лондон марафонун 26 килограммдык муздаткычты көтөрүп алып чуркап өттү. Муну менен ал дүйнөлүк рекорд орнотту. 30 жаштагы атлет тиричилик техникасы менен аралыкты чуркап өтүү боюнча буга чейинки жетишкендиктен 1 саат ашып өттү.

 

Эркек мойнуна алгандай, оор буюм менен чуркоо кыйынга турду, анын буттары тырышып, ооруп жатты.

 

Буга карабай ал маара сызыгына ийгиликтүү жете алды.