Кыргызстанда 15-октябрдан тартып тиричилик эмес керектөөчүлөргө электр
энергиясынын жаңы тарифтери күчүнө кирет. Бул тууралуу энергетика жана
өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, калк үчүн
тарифтер өзгөрүүсүз калды жана ал кийинки күзгү-кышкы жылытуу сезонуна
чейин каралбайт. Андан улам, калкка электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу
сунушталат. Министр белгилегендей, тарифтерди көтөрүү менен энерго
тармактын кирешеси 476 миллион сомго көбөйөт.