Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы 1 сомго жогорулады

Кыргызстанда доллардын расмий курсу дагы 1 сомго жогорулады. Учурда Улуттук банктын сайтында бир доллар 79 сом 74 тыйын болуп турат. Муну менен доллар улуттук валюта сомго карата акыркы суткада 1,9 пайыз жогорудады.

 

Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлар долларды 80 сомдон сатууда.  Кыргызстанда акыркы үч жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген доллар акыркы бир айда көтөрүлдү. Алгач 10-мартта үч сомго кымбаттаса, 20-мартта 85 сомго жеткен.