Улуттук госпиталда коронавирус бейтаптарына дагы 300 орун түзүлөт

Улуттук госпиталда коронавирус бейтаптарына дагы 300 орун түзүлөт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Кошумча орундар мурдагы урология борборунун имаратында жайгаштырылат.

 

Учурда анда ремонттук иштер жүрүп жатат. Бул максатта   40 миллион сом бөлүнгөн. Дал ушул эле суммага Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жабдууларды сатып берет.