Кыргызстанда ПЦР-тесттердин запасы 1 айга жетет

Кыргызстанда ПЦР-тесттердин запасы 1 айга жетет. Саламаттыкты сактоо министрлигинен novosti.kgге билдиришкендей, учурда өлкөдө 93 миң ПЦР-тест бар.

 

Күнүнө орто эсеп менен 6 миң текшерүү жүргүзүлүп жатат. Ведомстводо кабыл алынган жаңы алгоритмге ылайык, анализ бир гана өзгөчө кырдаалдагы бейтаптарга жүргүзүлүүдө.

 

Бул тест жабдууларына болгон жетишсиздиктен улам. Учурда жаңы тесттерди алууга бир ишкана менен келишим түзүлдү. Ал бир ай аралыгында өлкөгө алынып келет, — дешти министрликтен.