Каракол шаарында дагы күндүзгү стационар ачылды

Каракол шаарында дагы күндүзгү стационар ачылды. Мэриядан билдиришкендей, 50 орундуу стационар Гебзе жана Коенкөзов көчөлөр кесилишинде орун алган “Толкун” спорткомплексинде жайгашкан.

 

Анда сасык тумоо, пневмония жана курч респиратордук вирус менен ооругандарга күндүз жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар каралды. Стационар бүгүн ачылып, дарыгерлерге өткөрүлүп берилет.