Улуттук тамак-аштын курамы тууралуу биринчи маалымат топтому жарык көрдү

Кыргызстанда алгачкы жолу улуттук тамак-аштын жана өлкөдө өскөн жапайы жер-жемиштердин химиялык курамы тууралуу маалымат топтому жарык көрдү.

«Кыргызстандын тамак-аш азыктарынын курамынын таблицасы» деген колдонмодо 41 жапайы жер-жемиш жана бышырылган 11 улуттук даам тууралуу кыргыз жана англис тилиндеги маалыматтар камтылган.

 

Китепти Исхак Раззаков атындагы КМТУнун жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин илимпоздору Жамила Сманалиева, Мукарам Мусулманова, Жаңыл Искакова, Анна Гиртлова биргеликте жазган.

 

Илимий эмгекти басып чыгарууга Словакиянын Улуттук айыл чарба жана тамак-аш борбору колдоо көрсөткөн.

Тамак-аштын курамы боюнча маалыматтарды чогултуу эл аралык EuroFIR Excellence Network уюмунун стандарттарына ылайык жүргүзүлгөн. Андан тышкары Кыргызстанда жасалган тамак-ашты изилдөө боюнча илимий макалалар, диссертациялар жана лабораториялык отчеттор колдонулган.

Авторлор Кыргызстандын тамак-аш курамынын таблицасы келечекте бул жаатта кеңири изилдөө жүргүзүү, азык-түлүктү чет өлкөгө экспорттоо жана калктын туура тамактанышын камтыган эмгектерди жаратууга жардам берерин айтышууда.