Памирден келген кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулушу башталды

Памирден келген кыргыздар үчүн 7 үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Турак-жайлардын курулушу Алай районунун Талды-Суу айылында жүрүүдө.

 

Бул максатта казынадан 10 миллион сом бөлүнгөн. Эске салсак, былтыр Афганистандан 10 үй-бүлө өз демилгеси менен көчүп келген. Алар Сары-Могол айылындагы эски мектептин имаратына жайгаштырылган.