Улуу Британияда спорт борборунун аймагынан бүтүндөй имарат уурдалды. Кызыгы, окуя күндүз, кызматкерлер ары-бери жүрүшкөндө катталды. Эки эркек узундугу 11 метрге жеткен жыгач имаратын бузуп, аны унаага жүктөп кетишти.
Бул үчүн ууруларга 6 саат талап кылынды. Учурда бул эр жүрөк кылмышкерлер изделип жатат.