Бишкекте жаңы жылга карата 3 балаты орнотулуп жатат

Бишкекте жаңы жылга карата 3 балаты орнотулуп жатат.

Ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, кеп, Ала-Тоо аянтында бийиктиги 25-метрди түзгөн,

Ак үйдүн алдындагы 11 метрлик жана филармониянын алдындагы кыш сулуусу тууралуу болуп жатат.

Учурда “Тазалык” ишканасынын 30 кызматкери каркастарды орнотуу менен алек. Иштер 3 күндө аяктап калат.

Андан кийин “Бишкек жарыктандыруу” мекемесинин адистери балатыларды жасалгалап баштайт.

Муну менен катар ордо калаа көчөлөрү дагы кооздолуп жатат. Белгилеп кетсек, быйыл жаңы оюнчуктар сатылып алынбайт,

каражатты үнөмдөө максатында эскилер колдонулууда.