Кыргызстандын эң алыскы айылы – Зардалыда интернет пайда болот.
Долбоорду ишке ашыруунун биринчи этабы старт алды, — деп билдирет Кабар.
Инженерлер айылга жөнөп кетишти, алар аймакты изилдешет, андан кийин
ага жараша атайын жабдууларга буйрутма берилет. Зардалыга интернет
орнотуу иштерин ушул жазда аяктоо пландалууда.