25-июндан тартып балдардын ден соолугун чыңдоочу лагерлер иштеп баштайт.
Бул тууралуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирет.
Анын айтымында, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрүнүн жетекчилерине
санитардык эрежелерди сактоо талаптары коюлду. Эске салсак,
Ысык-Көлдө 1-июндан тартып жайкы туристтик сезон башталды.