Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Жалал-Абаддагы ардагерлерге 75 миң сомдон берилди

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Жалал-Абаддагы ардагерлерге 75 миң сомдон берилди.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, аймактагы алты согуштун катышуучусуна

республикалык бюджеттен бөлүнгөн 75 миң сомдон тапшырылды. Андан тышкары,

жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир кап ун жана азыктар берилди. Эске салсак,

Улуу жеңиш күнүнө карата ар бир ардагерге 75 миң сомдон берилери айтылган.

Учура республикада 100дөн ашык согуштун катышуучулары бар.