Новосибирскиден 176 кыргызстандык учуп келди

22-апрелде «Манас» эл аралык аэропорту Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алды. Коопсуздук чаралары үчүн учакта келген 176 жүргүнчү аба майданынын имаратына киргизилбестен, учуу тилкесинен тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү. Эми бул рейс менен Новосибирскиге Бишкектен Орусиянын жарандары учуп кетет.

 

Новосибирскиден Бишкекке 22-апрелде чыккан учакка илинбей калганын айткандар консулдукка нааразылыгын билдирүүдө. Алар 40ка жакын кыргызстандык аэропорттун сыртында калганын айтып, «Азаттыкка» видеолорун жөнөтүштү.

 

Видеодогулар: «Биз 22-марттан бери, бир айдан бери жатабыз. Кечээ эле келип, 1-2-майга билет алгандар учуп кетти. Адилетсиздик, коррупция болду», — деп жатканын угууга болот. Бирок Новосибирскидеги консулдуктун өкүлү Нуралы Акпаралы уулу дооматтарды четке кагып, тизме калыс түзүлгөнүн билдирди.

Элчилик каалоочулар 300дөн ашуун адам болгондуктан бул жолу баары батпаганын, «S7 Airlines» авиакомпаниясынан чоңураак учак суралганы менен андай мүмкүнчүлүк берилбегенин маалымдады.

 

Элчилик учакка илинбей калгандарды сабырдуулукка чакырып, дагы каттам уюштуруу тууралуу сүйлөшүүлөр уланарын, консулдук жардам берерин кошумчалады.