Унаанын алдыңкы айнектерин акылуу тонировкага уруксат берүү жолдору каралууда

Унаанын алдыңкы айнектерин акылуу тонировкага уруксат берүү жолдору каралууда. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов жарыялады.

 

Анын айтымында, мындай чара менен бюджетти толуктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

Учурда бул сунуш каралып, долбоор Жогорку Кеңештин талкуусуна чыгарылат. Эске салсак, бүгүнкү күндө республика аймагында унаалардын айнектерин караңгылатууга тыюу салынган. Уруксат президенттин, премьер-министрдин, парламент спикеринин жана Жогорку сот төрагасынын кызматтык унааларына гана берилет.