Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга 500 миллион евро карыз алууну көздөөдө

Кыргызстан “Камбар-Ата 1” ГЭСин курууга еврооблигациялар аркылуу 500 миллион евро карыз алууну көздөөдө.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргендей, бийлик инфраструктуралык курулушту баштоо үчүн дээрлик 19 миллион доллар тапты, ошол эле учурда ГЭСтин курулушунун биринчи фазасына 458 миллион доллар керектелет.

 

Ошондой эле, “Камбар-Ата 2” ГЭСинин экинчи агрегатынын курулушун баштоо пландалууда.

 

Маалыматка ылайык, бул боюнча учурда энергетиктер Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.