“РусГидронун” Кыргызстанга каршы доосу боюнча арбитраждык чечим чыкты

Кыргызстан Жогорку Нарын ГЭС каскадын курууга «РусГидро» компаниясы жумшаган 37 миллион долларды компенсациялоого милдеттүү.

Мындай чечимди Гонконгдун Арбитраждык соту чыгарды.

Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

Бирок министрликке караштуу Соттук өкүлчүлүк борбору соттун чечимин талашууга ниеттенүүдө.

Эске салсак, 2012-жылы ГЭС каскадын россиялык “РусГидро” компаниясы курат деген келишимге кол коюлган.

Эки жылдан кийин экономикалык көйгөйлөрдөн улам Россия бул долбоорду убактылуу токтотконун жарыялаган.

Кыргызстан болсо келишимди жокко чыгарган.

“РусГидро” инвестициясынын көлөмү ушул убакка чейин 37 миллион долларды түзгөнүн билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.