Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 миллиард 933 миллион долларга жетти.
Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, сумманын басымдуусу тышкы,
азыраагы ички бересе. Тышкы карыздын 1 миллиард 700 миллион доллары Кыйтайдын
Эксим банкына туура келет. Насыянын көбү Бишкек ЖЭБи, “Түндүк- Түштүк”
альтернативалык жолу жана “Датка-Кемин” электр чубалгысы долбоорлорун
ишке ашыруу үчүн алынган. Кошумчаласак, быйыл 5 айда мамлекеттик
карызды төлөө үчүн бюджеттен 13 миллиард 178 миллион сом бөлүндү.