Кыргызстанда тонировкага уруксат берилгенден тарта бюджетке 54 миллион сом түштү.
Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
Эске салсак, унаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөнүүчү уруксат кагаздары 1-июндан тарта бериле баштаган.
Анын баасы жылына 80 миң сомдон 120 миң сомго чейин.